Ибрахим Калындын террор менен күрөшүү тууралуу макаласы

Европа Биримдиги Түркиянын террорго каршы күрөшүн колдоосу керек

490868
Ибрахим Калындын террор менен күрөшүү тууралуу макаласы

Түркия үчүн Шенген аймагына виза эркиндиги улуттук коопсуздук жана саясий максаттарды коркунучка сала турганчалык маанилүү эмес.

Европа Биримдигинин Түркия менен түзө турган виза эркиндиги келишиминин шарттарынын арасында өлкөнүн анти  - террор мыйзамынын өзгөртүлүшүн каалаган беренелерди киргизүүсүнөн кийин бул келишим коркунучка салынгандай көрүнүүдө. Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессин жаңылоо жана качкындар кризисин көзөмөлгө алуу үчүн ыңгайлуу болгон Түркия – Европа Биримдиги жол картасын жолдон чыгаруу потенциалы да бар.

Көптөгөн айларга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркия жана Европа Биримдиги түрк жарандары үчүн виза эркиндиги программасын ишке ашыруу үчүн келишти. Бул качкын кризисине каршылык катары Түркия – Европа Биримдиги жол картасынын астында көрүлгөн бир топ чаралардын бир бөлүгү. 20-  марттан баштап Түркия Грецияга же башка Европа Биримдиги өлкөлөрүнө мыйзамсыз жолдор менен кирүүгө аракет кылган сирялык качкындарды кайрадан кабыл алууга жана бирге бир саясатынын негизинде бир сириялыкты мыйзамдуу жолдор менен Европага башкасынын ордуна жибере баштады. Мыйзамсыз жол менен кирүүгө аракет кылгандардын кайрылуусу автоматтык түрдө четке кагылууда.

Түрк жана грек жээк тилкеси боюнча көрүлгөн ушундай жана бир топ башка чаралар мыйзамдуу көчмөн санын чоң катнашта төмөндөттү. Октябрь айына карай турган болсок күн сайын 5 миңден ашуун киши грек аралдарына  мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылууда. Азыр болсо бул сан күндө 100 кишиден азга түштү. Кайрадан кабыл алуу келишими иштеп жатат. Сирия согушу улантылып жатат жана качкындар маселеси чечилбесе Европа Биримдиги мамлекеттери Европа шаарларынын көчөлөрүнө түшө турган миңдеген мыйзамсыз качкындын кысымын сезбей турган абалга келет.

Түрк жарандары үчүн виза эркиндиги кенен бир келишимдин бир бөлүгү караты түзүлдү, бирок 2013 -  жылы кол коюлган болчу жана  бул жылдын октябрь айында ишке кирүүсү керек. Ишке кирүү күнү жакшы ниет көрсөткүчү катары июнь айына алынды. Бирок, эгерде Европа Биримдиги бул кыймылдын Түркиянын үлүшүнө түшкөндөн дагы көбүн аткаруусу үчүн долбоорлонгон жакшы ниеттүү бир сөз экендигин ойлоп жаткан болсо, кайрадан ойлонуусу керек.

Түркия Шенген аймагы үчүн виза эркиндигин  жактыруу менен бирге муну өз улуттук коопсуздук пайдалары жана саясий алдыңкылыктары үчүн кабыл албайт. Түркия узун убакыт мурда Шенген виза системасынын бир бөлүгү болушу керек. Булуңдан Латын Америкага чейинки өлкөлөр бул системага кирип, Түркиянын Европа Биримдигинин виза режимине кирбеши Европа Биримдигинин жаңылыштыгы. Түркия кабыл алуу сүйлөшүүлөрү улантылып жаткан Европа Биримдиги менен бажы келишимин түзгөн жана 5 миллионго жакын жараны Европада жашаган өлкө жана азыр да Шенген системасына кире элек.  Бул кандай адилеттик жана мааниси барбы? Бирок мындан да жаманы өлкө терроризм менен күрөшүп жатып Түркиядан анти  - террор мыйзамын өзгөртүүсүн талап кылуусу керек.  Бул маселе мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн жана Европа Биримдиги темаларынын бир бөлүгү катары талкуулана алат, бирок муну бир алдыңкы шарт катары сунуштоо абдан жаңылыш берилген саясий өкүм. Себеби жөнөкөй. Түркия ПКК, ДЕАШ, Төңкөрүшчү элдин боштондук партиясы фронту жана башка террордук уюмдар менен күрөшүүдө. Өткөн сегиз айда Түркия 400дөн ашуун коопсуздук күчүн жана жаранын бул террордук уюмдардын кол салууларында жоготуп, бул уюмдардан да  жүздөгөнүн өлтүрдү. Кечээ ПКК алты аскерди Хаккариде, Чукуржада өлтүрдү, эки аскер да тик учарлардын атылуусу менен шейит болду. ПКК Диярбакыр, Хаккари, Мардин, Анкара жана Стамбулда да коопсуздук күчтөрүнө жана жарандарга каршы сансыз кол салуу жасады. ДЕАШ террористтери да түрк буталарына кол салуу менен ондогон кишини өлтүрдү. Килис шаары Сириядан атылган ДЕАШ ракеталарынын астында калып жатат.

Түркия союздаштары АКШ жана Европа Биримдиги жардам берсин же бербесин бул террордук коркутууларга каршы күрөштө чечкиндүү. Бул жерде негизги суроо бул өлкө коопсуздук коркутуулар менен курчалып жана Сирия согушу, ДЕАШ, качкындар кризиси жана кайрадан тирилген ПКК террорунун жүгүн ташыса, Европа кандай болот да Түркиядан анти  - террор мыйзамын өзгөртүүсүн күтөт.

Европа Биримдиги буга окшогон талаптарды Париж жана Брюсселдеги террордук кол салуулардан кийин катуу чараларды көргөн Франция жана Бельгиядан талап кыла алат беле? Бул  талаш – тартыштын темасы да боло албайт. Биз бул өлкөлөрдү түрдүү террорго каршы күрөшүндө колдойбуз, бирок террорго каршы өз күрөшүбүздө кааласа ПКК болсун, кааласа ДЕАШ, батыштык союздаштарыбыздан  ошол эле колдоону күтүү биздин акыбыз.

Европа шаарларында ПКК менен байланышы болгон ондогон уюм эркин түрдө иштеп, пропаганда жүргүзүп, жаңы террористтерди уюмга кошуп, акча чогултуп жана чогулткан бул акчаларды ПККга жиберисе, Европа өлкөлөрү Түркияга террор тууралуу кысым жасоонун ордуна өз ичтериндеги ПККга каршы күрөшүүгө мажбур. Мисал катары Түркияга же башка бир мусулман өлкө өз жерлеринде Аль Каида жана ДЕАШ менен байланышы болгон группаларга жарандык коом уюмдары же NGO деген аттын астында пропаганда жүргүзүүсүнө, жаңы мүчөлөрдү араларына кошууларына жана бул террордук уюмдар үчүн акча чогултууларына уруксат бергенде эмне болоор эле?

Түркия жол картасын ишке ашырууну жана качкын кризисин көзөмөлгө алууда жардам берүүнү каалайт.
Шенген аймагына саякатка чыгууда визадан бошотуу да бул процесстин бир бөлүгү.

Европа Биримдигинин аткаруусу керек болгон кыймыл Түркия жана Европадагы террордук группалар жана колдоочуларын  күчтөндүрө турган жаңы мыйзамдуу түзөтүүлөрдү талап кылуунун ордуна Түркияны террор менен күрөшүүдө колдоосу керек.



Тектеш кабарлар