Түрк реактивдери ПКК террор уюмунун уяларын бомбалады

Мурдатан белгиленген буталарды түрк учкучтары 59 мүнөт бою бомбалады.

483578
Түрк реактивдери ПКК террор уюмунун уяларын бомбалады

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жикчил террор уюму ПККнын Ирактын түндүгүндөгү буталарына жүргүзгөн абадан операциясында 18 террорист жок кылынды.

Башкы штабдын булактарынан алынган маалыматка караганда түнкү саат 23:00тө башталган операцияда, Түрк согуштук реактивдеринин бутасында Ирактын түндүгүндө орун алган Кандилдеги террор уялары бар эле.

Мурдатан белгиленген буталарды түрк учкучтары 59 мүнөт бою бомбалады.

Абадан чабуулдун акырында арасында баш калкалоочу жайлар жана курал сактоочу жайлар орун алган буталар таамай атылды.

Бир тараптан Мардин, Шырнак жана бул шаардын Нусайбин районунда жүргүзүлгөн операцияларында да 14 террорист жок кылынды, 1 террорист кармалды.

Диярбакырдын Лиже районундагы абадан коштолгон операцияда болсо 3 террорист жок кылынды.

Антальянын Кумлужа районунда болсо террор уюму ДЕАШтын чет өлкө тектүү 3 мүчөсү кармалды.

 

 

 



Тектеш кабарлар