Түрк куралдуу күчтөрү ДЕАШтын таш талканын чыгарды

Операцияларда 34 террорист жок кылынды.

482253
Түрк куралдуу күчтөрү ДЕАШтын таш талканын чыгарды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор уюму ДЕАШтын Сириянын Тугхали аймагындагы жайгашкан жайларына жүргүзгөн операцияларында 34 террорист жок кылынды.

«Фыртына» пушкалары жана көп түтүктүү ракеталар батареясынан ок жаадырылды.  Бул операциялар террористтердин Килиске карай ракета окторун атууларына жооп кайтаруу иретинде жасалды.

Аданадагы Инжирлик базасынан учкан куралдуу учкучсуз учуучу 4 унаа, координаттары белгиленген буталарды таамай атты.

Операцияда террористтерге таандык 6 унаа жана 5 даана курал сактоочу жайы да жок кылынды.

 



Тектеш кабарлар