Диярбакырда ПКК террористтери кол салды

Анда 1 аскер шейит болду, 26 киши жаракат алды.

482129
Диярбакырда ПКК террористтери кол салды

Диярбакырдын Дижле районунда ППК террористтери тарабынан Райондук жандармерия командирлигине кол салуу болуп 1 аскер шейит болду. Арасында жарандар да болгон 26 киши жаракат алды.

Жаралуулар тик учма жана тез жардам унаалары менен Диярбакырдагы аскердик ооруканага жеткирилди.

Дарыланып жаткан жаралуулардан үчөөнүн абалы оор...

Буга кошумча Хани районунан Дижле районуна кошумча күч катары бараткан полиция кызматкерлерине да жолдо террористтер тарабынан ок атылганы боюнча кагылышуу башталды.

Бир тараптан Газиантептеги терактка байланыштуу 20дан ашык дареске операция жургузулду, айрым кишилер кармалды.



Тектеш кабарлар