Сириядагы ДЕАШ террористтери Килиске снаряд атууда

Жарылууда жаракат алган үчү сириялык 8 киши ооруканаларга жеткирилди.

482079
Сириядагы ДЕАШ террористтери Килиске снаряд атууда

Сирияда террор уюму ДЕАШтын көзөмөлүндөгү аймактардан, Килис шаарынын борборуна 4 ракетанын огу атылды.

Жарылууда жаракат алган үчү сириялык 8 киши ооруканаларга жеткирилди.

Биринчи атылган снаряд автопаркка түштү. Бул окуядан 10 мүнөттөй өтпөй эле экинчи снаряд атылып, бир үйдүн бакчасына түштү. Окуялардын ызы-чуусу сууй электе шаардын борборундагы бир үйгө үчүнчү снаряд келип түштү.  

Сирия тарабынан атылган төртүнчү снаряд болсо бош аянтка түштү. Жарылуулардын себебинен айрым үй, ишкана жана автомобилдер зыянга учурады.


Этикеткалар: #ДЕАШтын , #Сирияда , #снаряд

Тектеш кабарлар