Бир аскер каза болуп, эки аскер жараланды

Эки Ф – 4 аскердик учагы террордук уюм ПККнын буталарын так түрдө атты.

481488
Бир аскер каза болуп, эки аскер жараланды

Мардиндин Нусайбин районунда террордук уюм ПККлыктардын кол салуусунда бир аскер шейит болуп, эки полиция жараланды.

Нусайбинде чукурлардын жабылуусу, баррикадалардын алынышы жана ПККлык террористтердин таасирсиз абалга келтирилиши максатында операциялар жүргүзүлүп, бүгүн эрте менен көчөгө жайгаштырылган бомбанын жарылуусу менен ПКК тарабынан коопсуздук күчтөрүнө ракеталык кол салуу жасалды. Жараланган коопсуздук кызматкерлери Нусайбин мамлекеттик ооруканасында дарыланууга алынып, ракеталык кол салууларды жасаган ПККлыктарга ок атылды. Райондо операциялар улантылууда.

Ошол эле учурда түрк куралдуу күчтөрү өлкө ичи жана өлкө тышында жүргүзгөн абадан кыймылында террордук уюм ПКК буталарын аткылады. Генштабдын маалыматтарына караганда түрк аскердик учактары Ирактын түндүгүндөгү Кандил, Хаккурук жана Авашин аймагына абадан кыймыл жүргүздү. Террордук уюм ПККга таандык баш калкалоочу жерлер менен жер астындагы ок – дары сактоочу жерлер жардырылды. Башка бир абадан жүргүзүлгөн операцияда Шырнактын Гүнейчам элетине жасалды. Эки Ф – 4 аскердик учагы террордук уюм ПККнын буталарын так түрдө атты.



Тектеш кабарлар