Армения - Азербайжан ортосундагы абал

Армения Азербайжандын жарандык отурукташуу аймактарын бутага алууну улантууда

481482
Армения - Азербайжан ортосундагы абал

Армения армиясы ок атууларды токтотууга карабастан Азербайжандын жарандык отурукташуу аймактарын бутага алууну улантууда. Аймактын калкы кол салууларга, Азербайжан башкаруусу болсо, Армения армиясынын жарандарды бутага алган кол салууларына эл аралык коомдун үнсүздүгүнө каршы чыгууда...

Акыркы кол салуулардан кийин чет элдик басма сөз аракетке өттү. Дүйнөлүк басма сөздүн өкүлдөрү аймак калкы жана жаралуулар менен жолугушуп, армян кол салуулары жол ачкан чыгымдарды көрүү мүмкүнчүлүгүн тапты. Араларында Түркиядан да зыяратчылар бар. Шекидеги түрк дүйнөсүнүн маданият борбор шаарынын ачылуу аземине катышкан президенттин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу  да аймакты зыярат кылды. Топчу : «бул жарандардын каны БУУна, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун кызматкерлерине эскертилет. Армения басып алган бул жерлерден дароо чыгуусу керек»,- деди. Топчу Карабахтын бүткүл түрк жана ислам дүйнөсүнүн ошол эле учурда адамзаттык маселе экендигине да көңүлдөрдү бурду. Топчу : Армяндар : «Армяндар ыргыткан бомбалар менен  жарандар өлтүрүлүүдө. БУУнун кеңешине көптөгөн иш түшүп жатат. БУУ дүйнөдө болуп жаткан басып алуучулуктарга, кыргындарга бөгөт боло албай жатат»,- деди. Ялчын Топчу борбор шаар Бакуда да түрк жана Азербайжан шейиттиктерин зыярат кылды.

 



Тектеш кабарлар