Монголияда Түрк маданият күндөрү өткөрүлөт

Түркиянын Улан - Батор элчиси Мурат Карагөз иш чаранын коногу катары Стамбул мэри Кадир Топбаш болорун айтты

471845
Монголияда Түрк маданият күндөрү өткөрүлөт

Монголияда апрель айынын акыркы жумасында Түрк маданият күндөрү өткөрүлөт.

Түркиянын Улан - Батор элчиси Мурат Карагөз иш чаранын коногу катары Стамбул мэри Кадир Топбаш болорун айтты.

Түрк маданий күндөрүнүн негизинде Улан - Батордо түрдүү мектептердин окуучуларынын катышуусу менен дүйнөлүк тынчтык жана достук байланышы менен балдар шаан – шөкөтүнүн өткөрүлөрүн белгилеген элчи Карагөз : «Чанаккале согуштарынын 101 – жылы Монголияда жашаган чет элдиктер менен бирге белгиленет. Опера жана пианино өнөрпоздору да концерт беришет»,- деди. Карагөз иш чаранын негизинде «Түркия көрүнүштөрү» деген темада фотография көргөзмөсүнүн ачыларын, түрк ашканасын таанытууга карата рецепсия берилерин жана түрк киносунун тандамал үлгүлөрүнүн монгол калкына тартууланарын да айтты.



Тектеш кабарлар