Килис дагы бир жолу ракета огуна бута болду

Шаардын борборундагы ээн талаага бүгүн эртең менен да Сириядан атылган ракетанын 4 огу түштү.

470203
Килис дагы бир жолу ракета огуна бута болду

Килис дагы бир жолу ракета огуна бута болду.

Шаардын борборундагы ээн талаага бүгүн эртең менен да Сириядан атылган ракетанын 4 огу түштү.

Окуядан кийин генштабдын төрагасы Хулиси Акар жана улуттук чалгындоо кызматынын кеңешчиси Хакан Фидан Килиске барды.

Килис губернатору Сулейман Тапсыз менен жолугушкан генштабдын төрагасы Акар жана чалгындоо кызматынын кеңешчиси Хакан Фидан Сирия чек арасында иликтөөлөрдү жүргүзүштү.

Шаарга кечээ эртең менен түшкөн ракетанын октору 2 кишинин каза болушуна себепчи болгон.

Дүйшөмбү күнү Ататүрк кыштагына ракетанын 3 огу түшүп, андан 12 киши жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар