Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги жыйналышы Стамбулда болот

56 өлкөдөн өкүлдөр катыша турган саммитте 33 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчысы орун алат.

470168
Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги жыйналышы Стамбулда болот

Ислам Кызматташтык Уюмунун 13-Саммити эртең Стамбулда «Иран-Сауд Арабия чыңалуусу, террор жана исламофобия» күн тартиби менен чогулат.

Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Ияд Эмин Медени, бул саммиттин абдан башкача болоорун айтууда...

56 өлкөдөн өкүлдөр катыша турган саммитте 33 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчысы орун алат.

Саммитте Сириядагы жарандык согуш,баш калкалоочу маселеси, Европада күчөп бараткан исламофобия, мусулман өлкөлөрдө күчөп бараткан радикализмдин күн тартипке келиши күтүлүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунан кийин дүйнөнүн эң чоң экинчи уюму болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектешкен төрагалыгы кечээ өткөн Тышкы иштер министрлеринин кеңешүү жыйналышында Түркияга өттү.

Бир күн бою уланган Тышкы иштер министрлеринин кеңешүү жыйналышынан кийин маалымат жыйын өткөргөн Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Ияд Эмин Медени,, Стамбул саммитинин эң жогорку катышуу камсыздалган жыйналыш болоорун белгилеп, «Бул саммит абдан башкача болот»,-деди.

107 берене орун алган иш-аракет планында Палестина жана Иерусалим маселесинин чечилиши, жакырчылык менен күрөшүү, террор жана радикализм менен күрөшүү, тынчтык жана коопсуздуктун камсыздалышы, инвестиция жана финансыдагы алдыңкы пландардын белгилениши, илим жана технологиянын өнүктүрүлүшү, климат өзгөрүшү сыяктуу темалар каралат.

Бул учурда уюмдун таасиринин арттырылышы үчүн Тоолуу Карабак маселеси менен мүчө өлкөлөрдүн арасындагы келишпестиктердин чечилиши үчүн сүйлөшүүчү топтор түзүлдү.

Конференцияда Ливиянын да өкүлдүк кылынышы, башка катышуучулар тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынды.

Чыңалуу болуп жаткан Иран жана Сауд Арабия саммитке эң жогорку деңгээлде катышууда.

Сауд Арабиянын королу Селман менен Ирандын президенти Хасан Рухани Стамбулдагы саммитте орун алышат.

Акыркы убакта бетме-бет келген Иран менен Сауд Арабиянын лидерлеринин Стамбулга келиши саммитттин маанисин дагы да жогорулатууда.

Өзгөчө король Селмандын 2015-жылы бийликке келиши менен чыңалуу башталган Сауд Аарбия-Иран карым-катнаштары Йемендеги жарандык согуш менен кошо дээрлик бузулган.

Иран кыйыр түрдө хусилерди колдоого алса, мурдагы мамлекет башчы Мансур Хадини колдоого алган Сауд Арабиянын да согуштун түздөн-түз тарабы болушу, чыңалуунун көлөмүн чоңойткон.

Сауд Арабиянын күн тартипке алып чыккан жана арасында Түркия да орун алган 34 өлкө катышкан Ислам армиясын куруу демилгеси, Рияд менен Тегерандын ортосундагы абалды да орчундуу кылды.

Буга кошумча саммиттин себебеинен Стамбулда коопсуздук чара көрүүлөрү күчөтүлдү. Стамбул полициясы, өзгөчө Конгресс коктусу орун алган Бешикташ-Таксим-Шишли багытында коопсуздук чара көрүүлөрүн эң жогорку деңгээлге чыгарды.



Тектеш кабарлар