Түрк аба жолдорунун Эрбил каттамдары башталды
Эрбилге барган Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Мехди Экер жана коштоосундагы делегация жолугушууларды өткөрүүдө
![Түрк аба жолдорунун Эрбил каттамдары башталды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/31ab/76d0/70e4/570c873794e12.jpg?time=1718906711)
Түрк аба жолдорунун Диярбакыр – Эрбил ортосунда түздөн түз каттамдардын башталышы менен Эрбилге барган Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Мехди Экер жана коштоосундагы делегация жолугушууларды өткөрүүдө.
Делегация Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун төрагасы Месут Барзани менен жолугушту.
Түркия делегациясында Экер менен бирге Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Диярбакыр депутаты Галип Энсароглу, Мардин депутаты Орхан Мироглу, Диярбакыр губернатору Хүсейин Аксой, премьер – министр Ахмет Давутоглунун башкы кеңешчиси Мухсин Кызылкая, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Диярбакыр облустук төрагасы Мухаммет Акар да бар. Галип Энсароглу Диярбакыр – Эрбил ортосунда башталган түздөн түз учак каттамдарынын Ирак Күрт Аймактык Башкаруусу тарабынан да ыраазчылык менен кабыл алынганын билдирди. Энсароглу Барзанинин Түркия менен болгон карым – катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшү керектигинен сөз кылганын айтты.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718906711)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.