Түрк куралдуу күчтөрү террордук уюм ПККга оор сокку урууда

Аскердик операцияларда террордук уюмга таандык үңкүр, баш калкалоочу жай жана курал-жарак сакталуучу жерлер түрк учактары тарабынан жок кылынды.

467146
Түрк куралдуу күчтөрү террордук уюм ПККга оор сокку урууда

Түрк куралдуу күчтөрү, өлкөнүн ичинде жана тышында жүргүзүлгөн операциялар аркылуу террордук уюм ПККга оор сокку урууну улантууда.

Кечээ түн ортосунда ПККга каршы 3 абадан операция жүргүзүлдү.

Өлкөнүн ичинде Тунжели менен Хаккаринин Йүксекова районунун элет жерине, чек аранын ары жагында болсо Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагына операция жүргүзүлдү.

Аскердик операцияларда террордук уюмга таандык үңкүр, баш калкалоочу жай жана айрым курал-жарак сакталуучу жерлер түрк учактары тарабынан жок кылынды.

Ошондой эле Мардин Нусайбин, Хаккаринин Йүксекова, Битлистин Мутки, Шырнактын борборунда жана Силопиде ишке ашкан операцияларда 13 террорист кармалды.

Операцияларда көп сандаган курал-жарак да табылды.



Тектеш кабарлар