Немис телекөрсөтүү каналы ZDF президент Эрдогандан кечирим сурады

Немис жаза мыйзамынын 103 – беренесине караганда чет өлкөнүн мамлекет башчысына жасалган акаарат үчүн 3 жыл абак жазасынын берилишин каалоосу менен доо ачуга болот

467148
Немис телекөрсөтүү каналы ZDF президент Эрдогандан кечирим сурады
  • Немис телекөрсөтүү каналы ZDF президент Р. Т. Эрдоганга карата «акаарат» камтыганы белгиленген программа үчүн кечирим сурады. ZDFден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта талаш – тартыштуу программанын интернеттен чыгарылганы жана кайрадан көрүү мүмкүнчүлүгүнүн жок кылынганы белгиленди. Маалыматта бул чечимдин программанын каналдын стандарттарынын жана сапат талабын орундатпагандыктан чыгарылганы эске салынды жана ZDFнин генералдык директорлугунун да дүйшөмбү күнү Берлиндеги түрк элчиси менен сүйлөшкөнү жана сөзү болгон программанын көрүүчүлөрүнүн сезимдерин жаралагандыктан санаасын билдиргени белгиленди.
  • Немис жаза мыйзамынын 103 – беренесине караганда чет өлкөнүн мамлекет башчысына жасалган акаарат үчүн 3 жыл абак жазасынын берилишин каалоосу менен доо ачуга болот.Бул акаарат билип туруп жасалган болсо жаза 5 жылга чейин чыгартыла алат.


Тектеш кабарлар