Террор уюмунун жактоочулары атуулдуктан чыгарылат

Президент Эрдоган 5-апрель адвокаттар күнүндө ар кайсы областтардан келген адвокаттарды Президенттик сарайда тосту.

465608
Террор уюмунун жактоочулары атуулдуктан чыгарылат

Президент Режеп Таййип Эрдоган террор уюмунун жандоочторун процесстен тышкары калтырыш үчүн атуулдуктан чыгаруу менен кошо керектүү бардык чараларды көрүү керектигин айтты.

Президент Эрдоган 5-апрель адвокаттар күнүндө ар кайсы областтардан келген адвокаттарды Президенттик сарайда тосту.

Бул жердеги сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолгон Эрдоган, террор уюмунун көчөлөргө, үйлөргө, Куран-и Керимдин мукабасынан балдардын оюнчуктарына чейин шайтандын акылына келбей турганчалык жерлерге көмгөн жарылуучу заттар менен адамкерчиликтен насибин албаганын далилдегенин түшүндүрдү.

Террористтердин мыкаачылык пландарына катуу каршы чыкканын көрсөткөн Эрдоган: «Кимде ким бул мекенге көз койсо алгач миң жылдык төлөнгөн беделибизди карасын жана ошого жараша кадамын таштасын. Ал эмес ал анын акыркы кадамы болушу мүмкүн. Түркия Республикасы Мамлекетине жаман көз менен караган, жаман ниеттүү ар кимге улутумдун атынан президент катары мен да каршы турамын»,-деп айтты.

Террор менен күрөшүүдө жаңы бир кадамдын да белгисин берген президент, «Террор уюмунун жактоочуларын процесстен тышкары калтырыш үчүн атуулдуктан чыгаруу менен кошо керектүү бардык чараларды көрүүгө чечкиндүү болушубуз керек»,-деди.

Президент Эрдоган чечим табуу процесси темасында да так сөз сүйлөдү жана эми бул мамлекеттин бул террористтер менен олтуруп сүйлөшө турган эч бир маселеси калбаганын, сүйлөшүү процесси бүткөнүн айтты.

Параллель түзүлүшкө да каршылык көрсөткөн президент Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарына болгон акыркы сапарында, бул түзүлүштүн мүчөлөрүнүн кантип бөлүүчү террор уюмунун мүчөлөрү, армян комитадждары менен кучакташып тургандарын көргөндөрүн белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар