Террордун кара жүзү көз алдыга жайылды
Башкы штаб төрагалыгы ПККга карай операциялар жана аймакта жүргүзүлгөн изилдөө иштерине байланыштуу көрүнүштөрдү бөлүштү.
![Террордун кара жүзү көз алдыга жайылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/391e/1c20/551f/570253d084f12.jpg?time=1718917956)
![genelkurmay görüntü.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c67b/7ace/9de6/5702549145f7c.jpg?time=1718917956)
![genelkurmay görüntü.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/35ab/b44a/1560/570254603c374.jpg?time=1718917956)
![genelkurmay görüntü.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a032/cafa/120b/5702540a1e98c.jpg?time=1718917956)
Башкы штаб төрагалыгы Хаккаринин Йүксекова районунда бөлүүчү террор уюму ПККга карай операциялар жана аймакта жүргүзүлгөн изилдөө иштерине байланыштуу көрүнүштөрдү бөлүштү.
Фотосүрөт жана видеолордо райондогу имараттарда эң үстүңкү үйдөн баштап жертөлөгө чейин кеткен тик тешиктер көз алдыга жайылды.
Аскер жана полициянын аймакта колдошуу менен жүргүзгөн иштери да орун алган сүрөттөрдө, коопсуздук күчтөрүнүн казылган аңдарды көмүп жатканы жана имараттардагы издөө иштери да чагылдырылды.
Фотосүрөттөрдө имараттардын ичтерине тузак салынган бомбалар да көңүл бурат.
Бир тараптан операцияларда жок кылынган террористтердин камерасында орун алган видеодо, террор уюму ПККнын бомба жасап жаткандагысы көрүнгөн жалган Йүксекова жооптуусу Зилан каймана аттуу аял террорист Эмел Гүчлүнүн фотосүрөтү да Башкы штаб төрагалыгы тарабынан бөлүшүлдү.
Башкы штаб төрагалыгы тарабынан бөлүшүлгөн фотосүрөт жана видеолордо, Мардиндин Нусайбин районунда белгиленген колго жасалган жарылуучу заттын жок кылынышы да көрсөтүлгөн.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718917956)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.