ПКК террористтерине карай операциялар уланууда

ПКК террор уюмуна карай операциялар тынымсыз уланууда.

463849
ПКК террористтерине карай операциялар уланууда

Террор уюму ПККга карай жүргүзүлгөн операцияларда Мардиндин Нусайбин районунда 5 аскер жана 1 полиция, Шырнакта да 1 аскер шейит болду.

Нусайбиндеги көчөгө чыгууга тыюу салуудан кийин, террористтердин кармалышы, тузак салынган жарылуучу заттардын жок кылынышы, казылган аңдардын көмүлүшү үчүн Түркиянын куралдуу күчтөрү жана коопсуздук органдары тарабынан 14-мартта башталган операция уланууда. Райондо террористтер тарабынан тузак салынган жарылуучу заттар жардырылышынын себебинен 5 аскер жана 1 полиция шейит болду, 4 полиция да жарадар болду.

Шырнактагы операцияларда да террористтер тарабынан куралдуу кол салуу болуп бир аскер оор жаракат алды. Ал аскерге ооруканада бардык аракет жумшалды, бирок куткарыла алган жок.

Хаккаринин Йүксекова районундагы операцияларда болсо экөө жогорку даражадагы 16 террорист жок кылынды.

Тунжелиде уланган операцияларда да 2 жашырынуучу жай жана көп сандаган жарылуучу зат жок кылынды.

Бир тараптан Башкы штабдын жарыясында, Мардиндин Нусайбин районунда уланган операцияларда 6, Шырнакта 4 жана Хаккариде 17 болуп бардыгы 27 террорист жок кылынды.

Операцияларда 1 Калашников, жөө аскер мылтыгы жана 1 рация табылды. 5 колго жасалган жарылуучу зат жок кылынды.

Буга кошумча Газиантептин Огузели районунда мыйзамсыз жолдор менен Сириядан Түркияга өтүүгө аракет кылган ДЕАШка мүчө чет элдик сегизи баладан турган 12 киши кармалды. Шектүүлөрдүн 1 тапанча жана көп сандаган жарылуучу зат алып баратканы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар