Израиль Түркия менен карым - катнаштарды нормалдаштырууну каалайт

Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху Түркия менен карым –катнаштарды нормалдаштырууну каалашкандарын билдирди

457233
Израиль Түркия менен карым - катнаштарды нормалдаштырууну каалайт

Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху Түркия менен карым –катнаштарды нормалдаштырууну каалашкандарын билдирди. Израиль басма сөз офисинен берилген жазуу түрүндөгү малыматта Нетаньяхунун : «Биз ар дайым Түркия менен карым – катнаштарды оңдоону кааладык. Эгерде мүмкүн боло турган болсо карым – катнаштарды нормалдаштырууну каалайбыз. Түркия менен байланышыбыз улантылууда жана бул байланыштарда алдыга жылуу бар. Жакында дагы бир сүйлөшүү болот жана бул сүйлөшүүнүн карым – катнаштарда толугу менен оңолуу жаратарынан үмүт кылам»,- дегенине орун берилди.

Маалыматта Нетаньяхунун Бейоглундагы террордук кол салуулар тууралуу жүргүзүлгөн териштирүүгө байланыштуу Түркия менен Израилдин ортосунда жакшы кызматташтыктын бар экенин жана бул тууралуу эч бир арыздарынын жок экенин айтканы да белгиленди.



Тектеш кабарлар