Тышкы иштер министрлиги Крым тууралуу билдирүү жарыялады
Түркия мыйзам тышы аннекцияны тааныбаганын дагы бир жолу билдирди
452182
Бүгүн Крымдын орустар тарабынан басылып алынышынын экинчи жылы.
Тышкы иштер министрлиги Крымдын 2014 - жыл 16 – мартта «референдум» менен аннекция кылыншынын экинчи жылында берген маалыматында эл аралык укуктун ачык түрдө эреже бузуу болгон бул кыймылдын Түркия тарабынан таанылбаганын жана айыпталганын дагы бир жолу белгиледи.
Маалыматта : «Түркия Украинанын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн күчтүү түрдө колдоо менен азыркы учурдагы абал Түркия үчүн эч бир укуктук жарактуулугу жок»,- деп айтылды.
Басып алуунун кийинки эки жылдык процессте болгон эреже бузууларга көңүл бурулган маалыматта кысым жасоочу саясаттарды соңуна чыгарууга чакыруу жасалды.