ПКК менен ПЙДнын ортосунда айырма жок

13-мартта ондогон карапайым адамдын жанын алган жан кечти, террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын лагерлеринде билим алган.

452222
ПКК менен ПЙДнын ортосунда айырма жок

Борбор калаа Анкарада 13-мартта ондогон карапайым адамдын жанын алган жан кечти, террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын лагерлеринде билим алган.

Ички иштер министрлиги мыкаачылык терактты кылган 1992-жылы туулган Карстын Кагызман Эл каттоо директорлугуна катталган аял террорист Сехер Чагла Демир болгонун жарыялады.

Террорист 2013-жылдан баштап бөлүүчү террор уюму ПККнын ичинде орун алган.

Андан кийин Сирияга өткөнү белгиленген террорист ЙПГ террор уюмунун чинде кандуу кыймылдарды кылыш үчүн машыктырылыптыр.

Түркиянын ПКК менен ПЙДнын ортосунда айырма жок экенин баса белгилеген тезиси дагы бир жолу далилденди.

Өлкөнүн ичинде чоң кыйроого учураган уюм, чет өлкөдө машыктырган жан кечтилерди чоң шаарларда кан агызууга мажбурлап жатат.

АКШ баштаган айрым батыштык күчтөр түшүнмөксөнгө салган, көрмөксөнгө салган бул байланыш жекшемби күнү кечинде карапйым элдердин жашоосунан ажырашына себепчи болду.

Кээ бирлери тарабынан Сириядагы террорист топтордун ортосунда кабыл алынбай куралдын күчү менен түзүлгөн ПЙД, дагы бир мыкаачыны жетилтип Түркиянын территориясына киргизип жиберди.

Ал эми түрк калкы бул мыкаачылардын өз канына думуга турганына ишенет. Түркиянын ар тарабынан жана бардык катмарларынан жекшемби күндөн бери «террорго каршы колдошуу» билдирүүлөрү жаап жатат.

Эл дагы эле биригүүдө. Бир мекен, бир желек идеясына мурдагыдан көп берилүүдө.



Тектеш кабарлар