Түркиянын жолун эч ким торой албайт

Эрдоган: "Түркиянын жолун эч ким торой албайт. Террорду жеңип чыга турганыбызга ишенемин"

450787
Түркиянын жолун эч ким торой албайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган ичкериде жана тышкарыда Түркияга чыгым төлөткөндөрүн ойлогондордун негизги чыгымды өздөрүнүн төлөй турганын айтты.

Эрдоган: "Түркиянын жолун эч ким торой албайт. Террорду жеңип чыга турганыбызга ишенемин",-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган 14-март Медицина майрамын белгилөө иш-чарасында борбор шаар Анкарада кечээ болгон мыкаачылык террор кол салуусуна токтолду.

Анкаранын Кызылай районунун катардагы эле бир жер болбогонун, символдук борбор болгонун белгилеген Эрдоган, кол салуулардын атайын максаттары болгону көрүнгөнүн белгилеп кетти.

Эрдоган: "Кызылайдагы кыймыл бул же тигил катмарга эмес, түздөн-түз коомчулуктун толугуна карай кол салуу болушунун себебинен б.а. коомчулуктун мазмунуна кол салуу болгондуктан террор уюмунун чыныгы жүзүн көрсөткөн жагдай",-деп айтты.

Президент Эрдоган бир улуттун толугуна согуш жарыялап жеңген террор уюму болбогонун айтып, Түркиянын жолун эч ким торой албай турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар