Чыныгы тууган кара күндө белгилүү болот

Эрдоган Түркияны максатынан, куттуу жүрүшүнөн,идеяларынан баш тарттыргысы келгендер буга эч качан жете албай тургандарын айтты.

451498
Чыныгы тууган кара күндө белгилүү болот

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияны максатынан, куттуу жүрүшүнөн,идеяларынан баш тарттыргысы келгендер буга эч качан жете албай тургандарын айтты.

Жекшемби күнү Анкарада болгон мыкаачылык кол салууну дагы бир жолу айыптаган Эрдоган: «Террорду курал катары колдонгондор, карапайым калктын канын төгүп өзүн көрсөткүсү келгендер Түркияны эч качан чөгөлөтө албайт, тескерисинче өздөрү чөгөлөшөт»,-деди.

Эрдоган расмий сапар менен Түркияга келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен бир топко өз алдынча жолугушуу өткөргөндөн кийин, биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Президент Эрдоган жыйынды, Анкарадагы террордук кол салуудан кийин Азербайжан көрсөткөн колдошуусу менен кара күн досу болгонун так көрсөткөнүн белгилөө менен баштады.

Эрдоган: «Биз да басып алуу астында турган Карабаг менен катар бардык тармакта азербайжандык туугандарыбызды колдоону уланттык, улантабыз»,-деп айтты.

Алиев менен соода, дипломатия, укук, транспорт, техника жана стратегия темалары боюнча 6 келишимге кол койгондорун түшүндүргөн президент Эрдоган, Ислам Кызматташык Уюмунун Стамбулда май айында боло турган саммитинде да Илхам Алиевди тосо тургандары үчүн ыраазы болгондорун билдирген президент, өзүнүн да Бакуга Цивилизациялар шериктештигинин 7-форуму боюнча алдыбыздагы айда сапар менен бара турганын билдирди.

Азербайжан менен биргелеше жүргүзүлгөн Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу долбоору ТАНАП, иш-чараларынын көздөлгөндөй түрдө баратканын баса белгилеген Эрдоган, Баку-Тбилиси-Карс темир жолу долбоорунун ачылышынын болсо декабрь айында аткарылышынын сүйүнчүсүн берди.

Конок президент Алиев болсо жекшемби күнкү кол салуунун себебинен түрк калкына көңүл айтып, Түркияга карай террордук кыймылдардын эч кандай натыйжага жете албай турганын сөз кылды.

«Эң негизгиси элдерибиздин биримдиги жана туугандыгы»,-деген Алиев: «Биз ушул пайдубалдын үстүндө достугубуздун, туугандыгыбыздын имаратын куруп жатабыз. Түркия дүйнөдө күч борбору болуп эсептелет. Түркияга дүйнөдө көрсөтүлгөн кызыгуу жана кызмат бизди кубандырат»,-деп айтты.

Түркия менен Азербайжандын ортосунда бүгүн Бакуда болушу пландалган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 5-жыйналышы Анкарада өттү.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Анкарада жекшемби күнү кечинде болгон мыкаачылык теракт боюнча, Түркия менен колдошуунун алкагында, жыйналыштын Бакунун ордуна Анкарада болушун сунуштаган.

Президент Режеп Таййип Эрдоган террор менен күрөшүү темасында Түркия менен так колдошууну көрсөтүүнүн алкагында жасалган сунушту кабыл алып, бул кубанычтын себебинен Алиевге ыраазычылыгын билдирди. Эрдоган өткөн айда сөзү болгон жыйналыш үчүн Бакуда өткөрө турган сапар, 17-февралда кайра Анкарада болгон террордук кол салуунун себебинен кийинкиге жылдырылган эле.



Тектеш кабарлар