Түркия ахлактуу жана абийирдүү мамилени көрсөттү

Ялчын Акдоган, Түркияда конок кылынган сириялыктардын санынын 2 миллион 733 миң 784 киши болгонун жарыялады.

448515
Түркия ахлактуу жана абийирдүү мамилени көрсөттү

Вице-премьер-министр Ялчын Акдоган, Түркияда конок кылынган сириялыктардын санынын 2 миллион 733 миң 784 киши болгонун жарыялады.

Акдоган, 26 убактылуу баш калкалоочу жайларда жашаган сириялыктардын санынын болсо 282 миң 815ке жеткенин айтты.

Социалдык бөлүшүү барагы твиттерден жарыя кылган Акдоган, Түркиянын ахлактуу жана абийирдүү мамилени көрсөткөнүн, адамкерчилик өлбөгөнүн бүткүл дүйнөгө көрсөтүп тарыхка тамга жаздырганын белгиледи.

Акдоган Сирияда саясий таймаш кылган өлкөлөрдүн болуп жаткан адамзат кризиси темасында эмне кылганы же кылбаганы да тарыхта жазыла турганын сөз кылды.

Вице-премьер Акдоган мектептерди, ооруканаларды, балдарды жана карапайым адамдарды бомбалагандардан адамзат кризисин чечүүгө ортоктош болууну күтүү пайдасыз болоорун баса белгилеп: «Ар бир өлкө өзүнө жарашканды жасоодо. Биз жашатуучу, жараларды айыктыруучу, кучактоочу тарап болууну улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар