Түркия менен ЕБнин карым-катнаштары мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде...

Ахмет Давутоглу Брюсселдеги Түркия-Европа Биримдиги Саммитинде Сирияда коопсуз аймак курулуусунун алгач ирет ЕБнин тексттерине киргенин айтты.

447228
Түркия менен ЕБнин карым-катнаштары мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде...

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Брюсселдеги Түркия-Европа Биримдиги Саммитинде Сирияда коопсуз аймак курулуусунун алгач ирет ЕБнин тексттерине киргенин айтты.

Өкмөт башчы Давутоглу Түркиянын ЕБ процесси жана Сирияда таштала турган кадамдар каралган Брюсселдеги саммиттен кайтып келе жатканда, учакта журналисттерге ачыктоо жасады.

Саммитте эки маанилүү жылыш болгонун айткан премьер-министр Давутоглу, булардан биринчисинин Сириядагы Азез-Сераблус багытында коопсуз аймак түзүлүшүнүн алгач ирет ЕБнин тексттерине кирген болушун белгилеп кетти.

Экинчисинин болсо Түркия жарандарына июнь айында визасыз кирүү убадасы берилгенин сөз кылган Давутоглу, тийиштүү мыйзамдардын чыгарылышы үчүн оппозицияга чакырык салып, тарыхый бурулуш жерде болгондорун айтты.

Давутоглу: «Июнда атуулдардын Европага визасыз кире алышы үчүн 9 мыйзамдын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынан тоскоолдуксуз өтүшү керек»,-деди.

Саммиттеги стратегияларын да түшүндүргөн өкмөт башчы, «Күтүлбөгөн жүрүштөр кашыңда тургандарды башкача жол менен ала албай турган чечимдерге багыттай алат»,-деди.

Премьер-министр Давутоглу саммиттин алдында даярдашкан 12 беренелик пландын учурдагы бүдөмүктү жойгонун айтты.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу 4 жарым ай мурдагыга караганда Түркия менен ЕБнин ортосундагы карым-катнаштардын башка бир нукка түшкөнүн сөз кылып, Европанын Түркиянын стратегиялык маанисин эске алганын да белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар