Террордук уюмга дагы бир сокку

Коопсуздук күчтөрүнүн террористтерге сокку берүүсү улантылууда

446923
Террордук уюмга дагы бир сокку

Диярбакырдын Сур жана Шырнактын Идил районунда жүргүзүлүп жаткан операцияларда 25 террорист таасирсиз абалга келтирилди.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Сур районунда 6, Идил районунда болсо 19 террористтин өлтүрүлгөнү билдирилди.

Операциялардын негизинде өлтүрүлгөн террорист саны Сурда 268, Идилде болсо 94кө жетти.

Бингөл – Карлыова, Диярбакыр – Сур менен Хаккари – Йүксековада 16, Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоо аянттарынан качкан 5 террорист болсо коопсуздук күчтөрүнө багынды. Маалыматта Сиирт – Эрухта 5, Агры – Ташлыжайда 3, Ван – Жибек Жолунда да 1 кишинин террордук уюмга жардам берүү кылмышынан кармалып камоого алынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар