Түркиянын премьер-министри эртең Иранга барат

Сапардын кандай мааниси бар?

444003
Түркиянын премьер-министри эртең Иранга барат

Премьер-министр Ахмет Давутоглу эртең (жума) Иранга барат.

Премьер-министрликтен маалымдалгандай, сапардын бир жумадан бери пландалып жатканы белгиленип, убакыты менен күн тартибинин маанисине көңүл бурулду.

Анткени Давутоглунун сапары, Сирияда ок атууну токтотуу режими уланып жаткан учурда ишке ашат.

Сапардын дагы бир мааниси болсо 9-мартта Женевада өтө турган Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн дароо алдына туш келиши.

Тегеран үчүн болсо, Батыш менен жетишилген өзөктүк келишимдерден бери биринчи жолу Түркиядан жогорку мартабалуу конок тосулушу жагынан маанилүү.

Иранга акыркы жолу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган апрель айында расмий иш сапары менен барып келген.


Этикеткалар: #Түркиядан , #Иранга

Тектеш кабарлар