ТИКА Кот-д'Ивуардын Абиджан шаарында Азиздер институтуна бала бакча жана оюн паркын салдыртты

Аземде сөз сүйлөгөн министр Дусу Түркия менен түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын маанисин баса белгиледи

444052
ТИКА Кот-д'Ивуардын Абиджан шаарында Азиздер институтуна бала бакча жана оюн паркын салдыртты

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин төрагалыгы ТИКА Кот-д'Ивуардын Абиджан шаарында Азиздер институтуна бала бакча жана оюн паркын салдыртты.

Абиджан азиздер институтуна кошумча катары салдырылган бала бакча жана оюн паркынын ачылуу аземине Түркиянын Абиджан элчиси Эсра Демир, Кот-д'Ивуардын эмгек жана социалдык коопсуздук министри Муса Дусу менен башка жетекчилер катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн министр Дусу Түркия менен түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын маанисин баса белгилеп : «Бул эмгек түрк өкмөтүнүн Кот-д'Ивуардын өнүгүүсүнө берген маанини көрсөтүүдө»,- деди.

Элчи Демир да бул эмгектин Түркиянын Кот-д'Ивуар менен эки тараптуу карым – катнаштарга берген маанинин көңүл бураарлык бир символу экенин айтып : «Түркия Кот-д'Ивуардын өнүгүү аракеттерине карата жардамын улантат»,- деди.



Тектеш кабарлар