Кайра кабыл алуу келишими боюнча 150 баш калкалоочу Түркияга өткөрүлдү

Келишим боюнча Грециянын чек ара полициясы өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирген Марокко, Тунис жана алжирдик 150 качкынды Ипсала капкасына алып келди

443036
Кайра кабыл алуу келишими боюнча 150 баш калкалоочу  Түркияга өткөрүлдү

Түркия менен Грециянын ортосунда түзүлгөн Кайра кабыл алуу келишими боюнча биринчи баш калкалоочу тобу келди. Ушунун негизинде Греция биринчи этапта 300 кишилик группадан 150 баш калкалоочуну Түркияга өткөрдү.

Келишим боюнча Грециянын чек ара полициясы өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирген Марокко, Тунис жана алжирдик 150 качкынды Ипсала капкасына алып келди.

Кипи жана Ипсаланын ортосундагы тарапсыз аймакта түрк жетекчилерге тапшырылган баш калкалоочулар катоодон кийин автобустар менен Эдирнедеги кайра кайтаруу борборуна тапшырылды. Бүгүн да баш калкалоочулардын Түркияга тапшырылуусу күтүлүүдө.


Тектеш кабарлар