Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-7

Тунистен соккон жел Египет, Ливия, Йемен, Бахрейн жана Сирияда да таасирин көрсөттү.

441803
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-7

Арап жазынын каардуу тагдыры

Беш жылдай мурда «Араб жазы» деп аталган Араб дүйнөсүндөгү бийликтеги режимдерге каршы багытталган көтөрүлүш толкуну Тунисте алгачкы жеңишине жетишти. Өлкөнүн түштүгүндө козголоңдун башталышынан бир айдай өткөндөн кийин 2011-жылы 14-январда Тунистин автократы Зейнел Абидин бин Али өлкөнү таштап кетти.

Тунистен соккон жел Египет, Ливия, Йемен, Бахрейн жана Сирияда да таасирин көрсөттү. Башында бул козголоң толкуну аймактын ичинде жана тышында Жакынкы Чыгыштын келечеги темасында үмүттөр пайда болуусуна алып келди. Ал эми алгачкы пайда көрүүлөрдөн кийин аймакта шумдуктуу окуялар биринен сала бири болуп жатты. Египетте шайланган өкмөт бир жылдан кийин төңкөрүш менен кулатылды жана жүздөгөн адамдын өлүмү, миңдеген адамдын абакка түшүүсүнө алып барган аскердик бийлик курулду. Авторитардык лидерлердин бийликтен четтетилишине карабастан Ливия менен Йемен эми эл аралык мүнөзгө ээ болгон жарандык согушка түртүлдү. Бахрейнде болсо коңшу өлкөлөрдүн кийлигишүүсү менен демонстрациялар араңдан зорго басылды. Сирияда режимдин эң жөнөкөй баш тартууга да жанашпоосу, жүз миңдеген кишинин өлүмүнө, миллиондогон кишинин жерсиз-журтсуз калышына себепчи болгон глобалдык жана аймактык милдет аткаруу согушуна айланды.

Эмне үчүн акылуу талаптар менен келип чыккан коомдук козголоңдордон учурдагы баш аламан абал келип чыкты?

Барынан мурда муну белгилей кетели, дат баскан деспоттук башкаруучулардан кутулуу жеке өзү жетиштүү болбойт экен. Ар бир башкаруу белгиленген процедураларды орундаткан мекемелердин курулушу жана коомдо мамлекетке ишенүүнүн камсыздалышынын жыйынтыгында улантыла алат. Өзгөчө 2003-жылы Ирактагы Америка кийлигишүүсүнөн чыгарылыш керек болгон кайгылуу жыйынтыктардан бири да ушул болушу керек эле. Көбүнчө диктаторлордон кутулуу аракети менен жолго чыккан жарандык козголоң кыймылдары мекемелердин жана уюмдашуунун маанисин билбестен кыймыл кылышууда. Чындыгында башында турган автократтын бийликтен кетирилиши жалгыз эле иштин башталышы болуп саналат.

«Араб жазынан» таасир алган өлкөлөрдүн арасында учурда Тунис баш аламандыкка түртүлүүдөн кутулду. Тунистен тажрыйба алынган өткөөл мезгилинде бул факторлордун таасирдүү болгонун айта алабыз:

Биринчиси, Тунис армиясы, башкаларынан айырмаланып аполитик абалга ээ жана өз кызыкчылыгын коомчулукка каршы чыңдаган эмес.

Экинчиси, Тунис башка «Араб жазы» өлкөлөрүнөн айырмаланып абдан күчтүү деп айта ала турганыбыз жарандык коомдук мекемелерге ээ. Өлкөдө 2013-жылы болгон саясий кол салуулардын саясий уюлдашууну күүлөгөн шарттарда жана конституция боюнча сүйлөшүүлөрүндө түшүнүшпөстүктөр болгондо жарандык уюмдардын демилге көтөрүшү саясий такалуудан ашып өтүүнү камсыздаган. Өлкөнүн алдыңкы жумушчу профсоюздарынын, жумуш менен камсыздаган уюмдардын, адвокаттар биримдигинин жана алдыңкы адам укуктары уюмдарынын биригүүсүнүн жыйынтыгында түзүлгөн Улуттук диалог төрттүгү тирешкен саясий уюлдардын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн кайрадан улантылышында маанилүү роль ойноду.

Үчүнчүсү маанилүү фактор катары да Эн-Нахда партиясынын ойногон ролуна токтоло кетиш керек. 2011-жылдын алдында түзүлүшкө тыюу салынган жана лидерлеринин сүргүндө болгонуна карабастан Нахда, башка араб өлкөлөрүндөгү исламдык кыймылдардан айырмаланып өлкөдөгү калган саясий түзүлүштөр менен диалог түзүү жана бир платформада кыймыл кылуу салтына ээ болгон түзүлүш эле. Бул абал партиянын Бин Алиден кийинки алгачкы шайлоодон кийин эки секулярдык партия менен коалиция түзүүсүн жеңилдетти. 2014-жылы утулган парламенттик шайлоолордон кийин жеңилгенин кабыл алган жана шайлоону жеңген партия менен ар дайым байланышта болгон.

Бин Алинин Тунистен чыгып кетишин 2011-жылдын февраль айында Египетте Хүснү Мүбаректин кызматын ташташы, октябрь айында Ливияда Муаммер Каддафинин өлүмү жана 2012-жылы февраль айында Йемендин президенти Али Абдуллах Салихтин кетиши ээрчиди. Бир жылда төрт автократ бийликтен четтетилди. Эч шек жок Ливиянын тышында калгандары жарандык козголоңдордун ийгиликтери эле. Ал эми андан кийинки абалдар бул ийгиликтерге көлөкө түшүргүдөй мүнөздө болду.

2013-жылы июлда Египетте болгон аскердик соккунун жыйынтыгында шайлоо менен бийликке келген Мусулман агайындардын бийлиги соңуна чыгарылды жана лидер кадрлары менен кошо миңдеген тарапташтары абакка түшүрүлдү жана өлтүрүлдү. Ливия жана Йемен болсо жарандык согушка дуушар болушту. 2011-жылдан мурда Мүбарек болгон күчүн колунда кармаш үчүн атайылап өлкөдө начар мекемелик түзүлүштүн болушун тандады. Саясий түзүлүштүн тышына тартылган армия мунун жалгыз өзгөчө түзүлүшү болгон. Ошондуктан Мүбаректин кулатылышынан кийин пайда болгон боштукту армия толтурат эле. Йемен жана Ливияда болсо жалпы мекемелешүү жана армия Египетке караганда начар абалда эле. Ошондуктан автократтар бийликтен четтетилгенде армия Египеттегиге окшогон кыймылды көрсөтө алган жок жана бийликтин боштугу эки өлкөнү тең жарандык согушка түрттү.

Ошол эле учурда абдан күчтүү оппозициясы болгон бирок автократтар башкарууда калган Сирия жана Бахрейн бири-биринен абдан айырмаланган абалга туш болду. Бахрейнде Сауд аскердик кийлишүүсүнүн жыйынытыгында Ал Халифе династиясы коомчулукка каршы дагы да күчтөндү. Сирия болсо апаат аңына тоголонду.

Андан да жаманы Иракта басып алуудан кийин хаостук чөйрөдө пайда болгон ДЕАШ өнүгүп олтурду жана мамлекеттик бийлик кулаган жерлерде, ал жерлерди көзөмөлгө алгыдай деңгээлге жетти.

Жогоруда кыскача баа берүүгө аракет кылган акыркы 5 жылдын окуяларынан бул жыйынтыктарды чыгарууга болот:

Биринчиси жарандык козголоңдор кээде авторитардык режимди кыйратат же анын пайдубалын казгыдай күчкө ээ боло алат. Ал эми жарандык козголоң армиянын күч боштугун толтургудай деңгээлде күчтүү болбогон же авторитардык режим белгилүү бир эл катмарына ээ болгон учурунда жетишсиз болуп калат. Жарандык күчтүн режимди күчтөн тайдырган учурларда да жарандык түзүлүштөр ортого чыга турган күч боштугун жана мунун олуттуу жыйынтыктарын эсепке кошууга мажбур.

Экинчиси бир режимге каршы козголоңго чыгуудан мурда өлкөнү башкарыш үчүн макулдашылган план жок болсо жарандык козголоң кризистин бир бөлүгү болот өзү.

Үчүнчүсү режимге каршы оппозиция катары аракетке өткөн жарандык түзүлүштөрдүн бири-бирилеринин ортосундагы байланыш каналдарын ачык кармоолору жана орток пайдада макулдашуу платформасын түзүү темасында метод өнүктүрүү аракетинде болуулары керек.

Төртүнчү жагдай болсо баскычтуулук жана реформалоо, өзгөчө мекемелик түзүлүштөр орной элек коомчулуктарда, түп тамырынан өзгөртүүдөн дагы рационалдуу мамиле болот. Андай болбосо келип чыккан бийлик боштугу колунда куралы болгон ким болсо ошолор тарабынан толтурулганга аракет кылынат.

«Араб жазынын» учурда келип жеткен жери айрымдары тарабынан «Араб кышы» деп мүнөздөлүүдө. Бул көз караштын көз жаздымда калтырган нерсеси бул: «Араб жазы» сыяктуу коомдук толкундоолор кыска мөөнөтүү окуялар болбойт. Ортодо канчалык кандайдыр бир саясий программасы болбосо дагы укуктуу коомдук талаптар бар. Булар туруктуу кала турган талаптар. Бул талаптар камсыздалбаган абалдар тынымсыз жаңы төңкөрүштөрдү көкүтүүчү таасир туудурат. Ошондуктан «Араб жазы» деп атаганыбыз коомдук толкундоолор келип кетүүчү нерсе болбой эле аягы жок процесс деп айтуу туура көз караш болот.



Тектеш кабарлар