Түрк аба жолдорунун киршеси
Түрк аба жолдору тарыхында биринчи жолу 1 миллиард доллар чегин ашып, 2015 - жылы 1 миллиард 69 миллион доллар так киреше тапты
![Түрк аба жолдорунун киршеси](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/5a233c7f5066408ebc2f98c9a1728f17_thy.jpg?time=1718925854)
Түрк аба жолдору тарыхында биринчи жолу 1 миллиард доллар чегин ашып, 2015 - жылы 1 миллиард 69 миллион доллар так киреше тапты.
2015 - жылы 13, 6 пайыздык өсүүнү ишке ашырган Түрк аба жолдору бул мезгилде 78 пайыздык жүргүнчү катнашы менен аткарган 453 миң каттам менен 61, 2 миллион жүргүнчүнү ташыган.
Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңеши жана аткаруу комитетинин төрагасы Илкер Айжы 2015 - жылын абдан жакшы деңгээлде бүтүрүшкөндөрүн белгиледи. Айжы : «Түрк аба жолдору финансылык жыйынтыктары менен глобалдык сектордогу конкуренцияга, жакын аймактарда болгон саясий жана экономикалык ыраатсыздыктарга менен секторго түздөн түз таасир тийгизген курс толкундоолоруна карабастан 2015 – жылы да эң кирешелүү аба жолдорунун арасындагы ордун сактады»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718925855)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.