Максатыбыз соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүү

Президент Режеп Таййып Эрдоган Батыш Африка сапарынын алгачкы аялдамасы Кот-д’Ивуарда...

441242
Максатыбыз соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүү

Президент Режеп Таййып Эрдоган Батыш Африка сапарынын алгачкы аялдамасы Кот-д'Ивуарда...

Президент Режеп Таййып Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоганды «Феликс Уфуэ-Буаньи» аэропортунда Кот-д'Ивуардын президенти Алассана Ваттара жана жубайы Доминик Ваттара тосуп алышты.

Тосуп алуу аземинде премьер-министр, кабинет мүчөлөрү жана 60 уруунун лидери да орун алышты.

Кот-д'Ивуардын президенти Алассана Ваттара менен жубайы Доминик Ваттара, тосуп алуу аземинен кийин Эрдоган жубайларынын урматына расмий сый тамак берди.

Эрдоган тамактагы сөз сүйлөөсүндө Кот-д'Ивуардын калкынын 20-30 пайызы мигрант экенине көңүл бурду.

Кот-д'Ивуардын эң чоң шаары жана мурдагы борбор шаары Абиджандын, өзгөчө көчмөн калкты жүк эмес экономикалык жана социалдык жашоонун үлүштөшү катары караган меймандос Кот-д'Ивуар түшүнүгүнүн белгиси экенин баса белгилеген Эрдоган: «Мен муну «Кот-д'Ивуар модели» деп атап койгум келет. Бул моделдин бүтүндөй материк жана дүйнө өлкөлөрү үчүн үлгү болушун каалайм. Биз да Сирия жана Ирактагы кагылышуулардан качкан 3 миллион тууганыбызга эч кандай бөлүүчүлүк кылбастан, динине, тилине жана тегине карабастан коноктоп жатабыз»,-деди.

Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнө да токтолду. Эки өлкөнүн ортосундагы сооданын 400 миллион долларга жакындап калганын эске салган Эрдоган: «Стамбул менен Абиджандын ортосунда кызматташуу потенциалы бар экенине ишенүүдөмүн. Буюрса орток максатыбыз 2020-жылы бул соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү»,-деди.



Тектеш кабарлар