"Куш тили" дүйнөлүк маданий муруска талапкер

«Куш тилинин» ЮНЕСКО «Адамзаттын так болбогон маданий мурасына» талапкерлиги үчүн досье даярдап жатат

438054
"Куш тили" дүйнөлүк маданий муруска талапкер

Гиресун облусунун Чанакчы районуна караштуу Кушкөй айылында аймактын калкы тарабынан колдонулган «куш тилинин» ЮНЕСКО «Адамзаттын так болбогон маданий мурасына» талапкерлиги үчүн досье даярдап жатат. Маданият жана туризм министрлиги менен ЮНЕСКОнун Түркия өкүлчүлүгүнөн турган делегация Гиресун губернаторлугунда өткөрүлгөн жыйында талапкерлик үчүн досье даярдоо иштерин баштады.

Облустук маданият жана туризм директорунун өкүлү Хулуси Гүлеч Кушкөй айылынын калкы тарабынан куш тилинин кылымдардан бери кабарлашууда колдонулганын айтты. Гүлеч 3 күнгө созула турган иш менен талапкерлик досьесинин даярдаларын айтып : «Куш тилин дүйнөлүк маданий мураска кошулуу үчүн 5 жылдан бери аракет кылуудабыз. Жүргүзгөн эмгектерибиз менен даярдала турган досье менен талапкерлик кайрылуубузду ишке ашырабыз. Куш тилин «Так болбогон маданий мурасы» деп белгилеп Түркияда бир алгачкыны ишке ашырабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар