Италиянын тышкы иштер министри Анкарада...

Итальян министр эки күндүк иш сапары менен Түркияга келди

437035
Италиянын тышкы иштер министри Анкарада...

Италиянын тышкы иштер жана Эл аралык кызматташуу министри Паоло Жентилони Анкарада...

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, эки күндүк расмий иш сапары менен Анкарага келген итальян кесиптешин кечки сый тамакта тосуп алды.

Жолугушууда Сирия, Ирак, Ливия менен катар аймактык маселелер жана террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүү темасы каралды.

Ошондой эле Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси, Кипрдеги акыркы жагдай жана эки өлкөнүн ортосундагы энергетикалык кызматташуу да талкууланды.

Жентилони жолугушууларынын алкагында президент Режеп Тайип Эрдоган жана премьер-министр Давутоглу тарабынан да кабыл алынат.



Тектеш кабарлар