Түркия мыйзам тышы көч менен күрөшүүнү улантууда

Айдын олбусунун Дидим районунда да грек аралдарына барууну каалаган 50 качкын куткарылды

436096
Түркия мыйзам тышы көч менен күрөшүүнү улантууда

Эгей деңизинен мыйзам тышы жолдор менен Европага барууну каалаган 228 качкын кармалды. Балыкесирдин Айвалык районунда бир кемеде мыйзам тышы жолдор менен өлкө тышына чыгууга аракет кылган 166 качкын кармалды.

Жээк коопсуздук командирлигинин топтору кемеден 132си Сирия, 37си Афганстан жана экөөсү ирактык болгон 166 кишини кармады.

Мугланын Бодрум районунда да Жээк коопсуздук командирлигинин топтору тарабынан жүргүзүлгөн операцияда Пакистандык 12 киши кармалды.

Айдын олбусунун Дидим районунда да грек аралдарына барууну каалаган 50 качкын куткарылды.



Тектеш кабарлар