АКШнын президенти Эрдоганган менен телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын президенти Обама президент Эрдоганга көңүл айткан сүйлөшүүдө ЙПГнин алдыга жылуусунун санааркатуучу экенин айтты

436089
АКШнын президенти Эрдоганган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Анкарада болгон акыркы террордук окуялардан кийин президент Режеп Тайип Эрдоган менен АКШнын президенти Барак Обама телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШнын президенти Обама президент Эрдоганга көңүл айткан сүйлөшүүдө ЙПГнин алдыга жылуусунун санааркатуучу экенин айтты. Эки лидердин ортосунда өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалдар жана террор менен күрөш темаларында АКШ – Түркия кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги каралды.

Президент Эрдоган Обамага кол салуу тууралуу маалымат берген сүйлөшүүдө террор менен күрөшүү тууралуу союздаштардын бири бирин колдоосу керектигин белгиледи.

АКШнын президенти Обама да аймакта Түркия жана Сирия оппозициясы менен араздашууларга себеп болгон ДЕАШ менен орток күрөш аракеттерине да сокку берген кыймылдарды дароо токтотууга чакырды.

АКШнын НАТОнун союздашы катары Түркиянын улуттук коопсуздугун колдоо тууралуу чечкиндүүлүгүн айткан Обама Түркиянын мыйзамдуу күрөш укугун баса белгиледи. Эки лидер Орусия жана Асад режимин оппозициячылдарга карата абадан кол салуу сыяктуу кыймылдарын дароо токтотууга чакырды.

ПКК да болуу менен бардык террордук уюмдарга каршы кызматташтыкты арттырышарын айткан президент Эрдоган жана АКШнын президенти Обама ДЕАШ менен күрөшүүнүн орток максаттары бар экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар