Тышкы иштер министри Грузияда

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Тбилисиде Грузиянын парламент башчысы Давид Усупашвили менен жолугушту

435730
Тышкы иштер министри Грузияда

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Тбилисиде Грузиянын парламент башчысы Давид Усупашвили менен жолугушту. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Грузия парламентинин имаратында өткөн жолугушууда Усупашвили Анкарадагы террордук кол салуулардан улам Чавушоглуна көңүл айтты.

Министр Чавушоглунун Усупашвилиге Түркиянын террор менен күрөшүү жана Сириядагы акыркы абалдар тууралуу маалымат берген жолугушуусунда эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштардын парламенттер аралык көлөмү, эл аралык тармактагы кызматташтык темалар жана Грузиядагы Ахыска түрктөрүнүн абалы да күн тартибинен орун алды.

Чавушоглу Тбилисиде Түркия – Азербайжан – Грузия үчтүк тышкы иштер жыйынына да катышат. Бешинчиси өткөрүлө турган жыйында энергетика, транспорт, коргонуу жана соода темалары каралат. Жыйындын күн тартибинде 3 өлкөнү кызыктырган темаларда аймактык абалдардын каралып чыгылуусу да күтүлүүдө. Министрлер Баку – Тбилиси – Жейхан нефть түтүк жолу, Баку – Тбилиси – Карс темир жолу жана Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу сыяктуу орток проектилерди да карап чыгышат.



Тектеш кабарлар