ПЙД террористтери Түркияга тийишип жатат

Түрк замбирекчи бөлүктөрү жуманын акырынан бери атып жаткан ПЙД буталарынан бүгүн эртең менен дагы ок атылды.

433773
ПЙД террористтери Түркияга тийишип жатат

Килистин чек арасына жайгашкан Түрк куралдуу күчтөрүнүн замбирекчи батареялары террор уюму ПЙДнын Сирия тарабындагы буталарын "Шамал" деп аталган пушкалары менен атышын улантууда.

Түрк замбирекчи бөлүктөрү жуманын акырынан бери атып жаткан ПЙД буталарынан бүгүн эртең менен дагы ок атылды.

Ага жооп иретинде Килис чек арасындагы Акчабаглар айылына жакын жерде жайгашкан бөлүктөр, Түркия убактысы боюнча саат 10:00до террористтердин буталарына Шамал пушкалары ок жаадыра баштады.

Замбиректин үндөрү Килистин борборунан да угулуп жатканда, чек арада коопсуздук чаралары арттырылды.

Сириянын Халеб шаарына караштуу Азез районунун жанындагы Minnig аэропорту жана чөйрөлөрүн өткөн аптада басып алган террор уюму ПЙД, ишемби күнү Түркия тарапка ок атканда замбиректер менен жооп кайтарыла баштаган.



Тектеш кабарлар