Түркия батышты баш калкалоочу темасында мурда эле эскерткен

Бозкыр ЕБнин Түркиянын июлдагы эскертүүлөрүн октябрь айында көч толкундары менен бетме-бет келишкенде түшүнгөндөрүн айтып, Батыштын дүрбөлөңгө түшкөнүн баса белгиледи.

432448
Түркия батышты баш калкалоочу темасында мурда эле  эскерткен

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр, баш калкалоочу агымына байланыштуу Түркиянын батышты мурдатан эскерткенин айтты.

Бозкыр Түркия Улуу Улуттук Парламентинин план жана бюджет комиссиясында ЕБ министрлиги жана ага караштуу мекемелердин 2016-жылдын бюджетине байланыштуу баяндамасын окугандан кийин эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Баш калкалоочу кризисине байланыштуу Түркиянын тарых бою муктаж болгон адамдарга каалгасын ачканын белгилеген Бозкыр, «ЕБне биз айтканбыз, бул көч маселеси цунами сыяктуу келтат. Биз өз милдетибизди аткаруудабыз, бирок бул жалгыз Түркиянын мойнуна жүктөлүп чечилиши мүмкүн болбой турган маселеге айланды. Бул мыйзамсыз күч сизге да келет»,-деп ЕБ өлкөлөрүн эскерткендерин белгиледи.

Бозкыр ЕБнин Түркиянын июлдагы эскертүүлөрүн октябрь айында көч толкундары менен бетме-бет келишкенде түшүнгөндөрүн айтып, Батыштын дүрбөлөңгө түшкөнүн баса белгиледи.

Бозкыр баш калкалоочу маселесинин Түркия өзүн ЕБ үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү катары сезген учурунда чечиле турганын айтты.

Бозкыр Европанын сириялык баш калкалоочуларды муктаждыктарынын камсыздалышы үчүн Түркияга берүүнү убада кылган 3 миллиард еврого байланыштуу да, «ЕБнин балким өз абийирин жабыш үчүн ушул убакка дейре эч нерсе жасай албаганынан улам, өз коомдук пикирлерине жана ЕБнин баалуулуктарына карата жоопкерчиликтеринин белгиси катары берүүнү ойлогон акчасы»,-деп айтты.

Террор темасынын да Европа Биримдиги менен карым-катнаштарда парадигма өзгөрүүсүнө алып барганын түшүндүргөн Бозкыр, ЕБне террор уюмдарынын ортосунда айырма кылбоо эскертүүсү айтылганын да сөз кылды.



Тектеш кабарлар