Түрк куралдуу күчтөрү ЙПГнын буталарын экинчи ирет атты

Вице-премьер Ялчын Акдоган Түркиянын ЙПГнын буталарын атышына, «коркунуч туудурду ошондуктан аттык» деген серебин салды.

432490
Түрк куралдуу күчтөрү ЙПГнын буталарын экинчи ирет атты

Сириянын адам укуктарын байкоо үйү Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндөгү террор уюму ЙПГ буталарын экинчи ирет атканын белгилеп, анда эки ЙПГ террористи жок кылынганын алдыга койду.

Халебдин Азез районунун түштүк батышында орун алган Маранас аймагынан Акчабахар база аймагына ок атылганы боюнча Түрк куралдуу күчтөрү террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнын Азездеги буталарын кечинде аткан.

Айрыкча Хатайдын Чалыбогазы коопсуздук пунктуна Сирия тарабындагы режим бөлүктөрү тарабынан кечинде миномет атылган.

Вице-премьер Ялчын Акдоган Түркиянын ЙПГнын буталарын атышына, «коркунуч туудурду ошондуктан аттык» деген серебин салды.

Түркиянын абалды четте карап тургудай өлкө болбогонун баса белгилеген Акдоган, «Коркунуч болсо дагы атабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар