Америка элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Кирби ПККнын уландысы ПЙДны террордук уюм катары карабагандарын билдирген.

429869
Америка элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Анкарадагы элчиси Жон Басс өлкөсүнүн бөлүүчү террор уюму ПККнын уландысы болгон ПЙД тууралуу жарыясынан улам Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Кеңешчи орун басары тарабынан кабыл алынган элчи Басска АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Кирбинин күндөгү маалымат жыйынында, "ПЙДны террор уюму катары карабайбыз" түрүндөгү сөздөрүнө тынчсыздануу билдирилди.

Бул жарыяга Түркиянын тышкы иштер министри Венгрияда жүргөндө каршылык көрсөткөн болчу. Чавушоглу: "Сиз азыр бир террор уюмун кара тизмеге киргизип андан бөлүнүп чыккан уландысын террор тизмесине киргизбей жатасыздар. Буга эмне дейбиз макоолукпу же башка нерсеби, бирок бул айтканыңыр кабыл алынгыс"-деди.



Тектеш кабарлар