Террор менен күрөшүүгө тоскоол болбогула

Эрдоган Стамбулга келген АКШнын вице-президенти Жо Байденди Мабейн сарайында тосуп алып, бир топ теманы карап чыгышты.

424329
Террор менен күрөшүүгө тоскоол болбогула

Президент Режеп Таййип Эрдоган жолугушууларды өткөрүш үчүн Стамбулга келген АКШнын вице-президенти Жо Байденди Мабейн сарайында тосуп алды.

Жолугушууда Түркиянын террор менен күрөшүү темасындагы чечкиндүүлүгүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган катмарларга салым кошо турган мамилелерден алыс туруу керектиги баса белгиленди.

Президенттиктин маалымат борборунан алынган маалыматка караганда кабыл алууда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Сирия жана Ирак баштаган аймактык темалар да каралды.

Стамбул жана Диярбакырдагы террордук кол салууларга байланыштуу АКШ бийлиги көрсөткөн колдоого ыраазы болгонун сөз кылган президент Эрдоган, Түркиянын кудум эле АКШ сыяктуу укук мамлекети болгонуна токтолуп, террор пропагандасын кылуунун жана теракттарга колдоо көрсөтүүчү сөз сүйлөөлөрдүн , ой-пикир эркиндиги алкагында каралбай турганына көңүл бурду.

Жолугушууда Түркиянын ДЕАШ, ПКК, Аль-Каида, ДХКП-Ж сыяктуу террордук уюмдардын арасында эч кандай айырма көрбөгөнүн, ПЙД жана ЙПГны да террор уюму катары караганы кайталанды.

Сирияда абдан орчундуу процесс өтүп жатканына көңүл бурган тараптар, өткөөл өкмөт курулуусу үчүн эмнелер жасалса боло турганына байланыштуу пикир алмашышты.

Ирактагы ыраатсыздыктын ДЕАШ жана ПКК сыяктуу террор уюмдарына платформа даярдап бергенин белгилеген президент Эрдоган, сөзү болгон өлкөнүн террордон тазаланышы үчүн Рамадиден кийин Феллужа жана Мусул үчүн олуттуу аракет жумшалышы керектигин айтты.

Президент Эрдоган айрыкча Түркиянын Башикадагы аскердик иш-чараларынын жергиликтүү күчтөрдү машыктуруу максатында болгонун Байдендин эсине салды.

АКШнын вице-президенти Байдендин болсо террор менен күрөшүү темасында Түркиянын катарында орун алгандарына токтолуп, ПККны да террор уюму катары эсептегендерин баса белгиледи.

Байден сириялык баш калкалоочуларга жардам берүү темасында Түркиянын жасагандары мактоого арзырлык экенин айтты.

Жолугушууда март айынын акырында Атомдук коопсуздук саммитинин себебебинен президент Эрдоган менен АКШнын президенти Барак Обаманын Вашингтондо өткөрө турган жолугушуусунун, эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болоору сөз кылынды.

АКШнын вице-президенти Байдендин, Америка Аба жолдоруна таандык учак менен ишемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 19:00да өлкөсүнө кайтып кетти.



Тектеш кабарлар