Эрдоган матчка катышат
Бурса Бүйүкшехир Беледийе стадиону каалгаларын 21 - декабрь дүйшөмбү күнү өткөрүлө турган көркөмдүү азем менен ачылат
Президент Р. Т. Эрдоган Бурсаспордун жаңы стадиону болгон Тимсах Аренада форма кийет. Бурса мэрдиги тарабынан салынган Тимсах Арена башка аты менен аталганда Бурса Бүйүкшехир Беледийе стадиону каалгаларын 21 - декабрь дүйшөмбү күнү өткөрүлө турган көркөмдүү азем менен ачылат.
Бурса мэри Режеп Алтепе олимпиадалардын ачылышына окшогон азем өткөрүлөрүн айтты. Ачылуу сөздөрүнөн кийин белгилүү кишилердин матчы өткөрүлөрүн айткан Режеп Алтепе: «Ачылуу аземинен кийин урматтуу президент Режеп Тайип Эрдоган да форма кийе турган беттешүү болот. Бул матчта Түркиянын таанылган футболчулары болот. Бурсаспордо ойногон мурунку футболчулар менен бирге матчта ойнойт. Бул жер 180 миң метр квадраты менен Бурсанын эң чоң чыгармасы болду»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718956085)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.