Терроризмге каршы дагы көп жоопкерчилик алуу зарыл

Эрдоган терроризмге каршы эл аралык коомчулуктун дагы көп жоопкерчиликти милдеттениши керектигин айтты.

407764
Терроризмге каршы дагы көп жоопкерчилик алуу зарыл

ТР Президенти Режеп Тапййип Эрдоган терроризмге каршы эл аралык коомчулуктун дагы көп жоопкерчиликти милдеттениши керектигин айтты.
Президент Эрдоган Түркмөнстандын борбор калаасы Ашкабатта Түркмөнстандын тарапсыздыгынын 20 жылдыгын белгилөөлөрдүн алкагында уюштурулган «Тарапсыздык» конференциясына катышты.
Эрдоган коопсуздук маселелери күчөгөнүнө, терроризм коркунучу барган сайын жайылып баратканына көңүл бурду.
Тынчтык жана ырааттуулукту коркунучка салган тирешүүлөр жана бул тирешүүлөрдөн келип чыккан белгисиздиктер бүткүл өлкөлөргө таасир тийгизгенин баса белгилеген Эрдоган, «Жарандык жоготуу жана тобу менен көчүү окуяларынын себебинен адамзаттык абалы алдыңкы планга чыккан бул тирешүүлөргө эл аралык укук жана кызматташуунун алкагында тез арада чечим табылышын каалайбыз»-деди.
Президент конференцияга катышкан айрым лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Эрдоган эң оболу Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолукту, андан соң Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифти кабыл алды.
Президент Эрдоган айрыкча, Беларусь, Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстан, Тажикстан, Хорватия жана Молдованын президенттери менен жолугушуп, пикир алмашты.
Эрдоган Ирандын президентинин биринчи орун басары Исхак Жихангири менен да жолукту. Жолугушуу Иран менен жаратылыш газ чыңалуусунан бери алгачкы сүйлөшүү катары көңүл бурду.
Эрдоган Түркмөнстандагы расмий жолугушууларын аяктап өлкөгө кайтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар