Түркия Орусия менен чыңалуунун күчөшүн каалабайт

Куртулмуш Орусиянын киргизген экономикалык санкцияларынан Түркиянын зыян тартпашы үчүн кеңири иш жүргүзүп жаткандарын айтты.

398615
Түркия Орусия менен чыңалуунун күчөшүн каалабайт

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш Түркия жана Орусиянын ортосундагы маселенин дагы да өөрчүп кетишин каалабагандарын айтты.
Нуман Куртулмуш, жеке менчик телеканалга берген маалыматында Түркиянын маанилүү жана олуттуу кризиске туш болсо дагы, мунун ашылып өтүлчү бир абалы болбогонун сөз кылды.
Куртулмуш: «Эки кошуна өлкөбүз, эки орток өлкөбүз, стратегиялык өнөктөштүктөрү болгон өлкөбүз. Бул кризистин чечиле алышы үчүн колубуздан келген ар түрдүү аракетти кылып жатабыз. Диалог каалгаларынын ачык болушуна аракеттенүүдөбүз»-деп айтты.
Куртулмуш Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 3-4-декабрда Белграддагы ЕККУнун саммитинин алкагында жолугуп, кризис процессинде эки өлкөнүн ортосундагы алгачкы жолугушууну жасай тургандарын, Орусиянын киргизген экономикалык санкцияларынан Түркиянын зыян тартпашы үчүн кеңири иш жүргүзүп жаткандарын айтты.
Түркия жана Орусиянын ортосунда болгон абалдын эки өлкөнүн ортосунда түздөн-түз болуп жаткан эмес, Сириядагы кризистин Түркия-Орусия карым-катнаштарына чагылышы экенин белгилеген Куртулмуш, «Чыңалуунун басаңдатылышы жана диалог каналдарынын ачык кармалышы менен катар тез арада жолугушуп бул маселени кантип ашып өтө турганыбызды сүйлөшөөрүбүзгө үмүттөнөм»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар