Европанын Түркияга болгон көз карашы өзгөрдү

Давутоглу Европа лидерлеринин Түркияга кымындай да сындоо айтпаганын белгилеп өттү.

396914
Европанын Түркияга болгон көз карашы өзгөрдү

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Европанын Түркияга болгон көз карашы өзгөргөнүн айтты.
Жуманын акырында Брюсселде өткөн Европа Биримдиги (АБ)-Түркия жыйналышына талкуу жасаган өкмөт башчы, «Түркиянын мүчөлүгү темасында алгач ирет ЕБнин лидерлерин бирдей көз карашта көрдүм. Бул темадагы психологиялык чөйрө оң багытта алмашкандай көрүнүүдө»-деди.
28 өлкөнүн лидерлеринин шылтоо айтпастан саммитке катышкандарына көңүл бурган Давутоглу, лидерлердин Түркияга кымындай да сындоо айтпаганын белгилеп өттү.
Мындан ары жылына эки жолу саммит өткөрүлө турганын белгилеген Давутоглу, «Алгач ирет ЕБ-Түркия карым-катнаштары эт-тырмактай болуп калды. Сүйлөшүп жатканда өзүмдү чоочун сезген жокмун. Түркиянын көп тараптуу саясатынын жыйынтыгы, бул», деген сереп салды.
Визаны жоюу темасына да токтолгон өкмөт башчы Давутоглу, мунун артка кайтарып алуу келишиминин алдыңкы шарты болгонун эске салды.
«Мыйзамсыз түрк жумушчусу» деген термин жоюлганын айткан өкмөт башчы, Түркиянын камсыздаган жумуш мүмкүнчүлүктөрүнүн ЕБде да болбогонун белгилеп өттү.
Премьер-министр: «2016-жылдын октябрь айында виза жоюлат. Октябрь айында буюрса консулдуктардын алдында эч ким күтпөйт»-деди.
Ислам дининин Европа үчүн потенциалдуу коркунуч катары каралбашы керектигин да баса белгилеген өкмөт башчы Давутоглу: «Европалыктар кайсы исламды тандай тургандарына өздөрү чечим чыгарат. Түркия өкүлдүк кылган Исамбы же айрым радикалдык террор уюмдары өкүлдүк кылганын айткан жалган Исламбы? ДЕАШ кандай бизге өкүлдүк кылбай турган болсо ПЕГИДА да, Милошевич да христиандарды өкүлдүк кылбайт»-деп айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар