Тышкы иштер министри Чавушоглу Бакуда

Министр Чавушоглу оболу маркум президент Гейдер Алиевдин

355816
Тышкы иштер министри Чавушоглу Бакуда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжанда. Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Азербайжанда биринчи болуп шейиттикти зыярат кылды. Министр Чавушоглу оболу маркум президент Гейдер Алиевдин Фахри Хыябандагы мазарын зыярат кылды.
Түркиянын Бакудагы элчиси Исмаил Алпер Жошкун жана Азербайжандын Анкарагады элчиси Фаик Багыров да коштогон Чавушоглу 20 - январдагы шейиттер көмүлгөн Баку шейиттер хыябанын да зыярат кылды. Шейиттердин мазарына гвоздика койгон Чавушоглу түбөлүк отко да гүл чамбар койду. Андан кийин Баку – түрк шейиттигине барган Чавушоглу дептерине өз сезимдерин жазып калтырды. Чавушоглу жолугушууларынын негизинде президент Илхам Алиев, Улуттук парламенттин төрагасы Октай Эседов жана премьер – министр Артур Пасизаде менен жолугушат. Тышкы иштер министри Чавушоглу кесиптеши Меммедияров менен да жолугушкандан кийин эки министр биргелеше пресс – жыйын өткөрөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар