Орусиянын Анкарадагы элчиси  тышкы иштер министрлигине чакырылды

Орусиянын элчиси Андрей Карловго кол салуудан улам тынчсыздануу билдирилди

355829
Орусиянын Анкарадагы элчиси  тышкы иштер министрлигине чакырылды

 Орусиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карлов Түркиянын Москва элчилигине жасалган кол салуудан улам тышкы иштер министрлигине чакырылды.
 Карловго кол салуудан улам тынчсыздануу билдирилди.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта акыркы күндөрдө Орусиядагы өкүлчүлүктөрүбүз жана бул өлкөдөгү түрк фирмаларынын митинг деген аттын астында кол салууга учураганы белгиленди. Маалыматта : «Орусиядагы бардык миссияларыбыз орус мекемелери менен байланышка өтүп, кошумча коопсуздук чараларынын көрүлүүсү талап кылынды»,- деп айтылды. Бир тараптан Орусия да Түркияга атайын себептер менен келген жарандарынын өлкөгө кайтууларын сунуш кылды.

 Түркиядан ЮГАРГО Эл аралык дыйканчылык жарманкесине катышуу үчүн Орусиянын Краснодар шаарына барган 30дан ашуун түрк ишкер камоого алынды. Сочиге алып барылган ишкерлер бул жерде өлкөдөн чыгарылат. Түрк ишкерлеринин проекти директору Юсуф Зеки Кырдар ТРТ Хаберге маалыматында : "Мындан мурда 4 жолу Орусияга келдим. Биринчи жолу ушундай мамилк көрүп жатам",- деди. 

Түркиянын Москвадагы элчилиги социалдык медиа эсебинен жарыя берип, Орусиядагы түрк жарандарына паспорт жана башка документтерин жанында алып жүрүүлөрү, виза жана уруксаттарын текшерүүлөрү керектигин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар