Түркия Улуттук Парламенти куралды
Премьер – министр Ахмет Давутоглу 100 беттен ашкан программаны сунуштайт
368478
64 - өкмөттүн куралышы менен Түркия Улуттук Парламенти өз ишин баштады.
Бүгүн саат 15:00до Түркия Улуттук Парламентинин депутаттары жалпы кеңешке чогулат. Анда оболу өкмөттүн программасы талкууланмакчы. Тактап айтканда премьер – министр Ахмет Давутоглу 100 беттен турган өкмөттүн програмасын депуттарга сунуштайт.
Жалпы Кеңештен мурда «Адилеттик жана өнүгүү» партиясы чогулат.
Бул фракциянын жыйынында премьер – министр депутаттарга кайрылгандан соң «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын жыйыны жабык түрдө улантылмакчы. Жабык өткөрүлгөн жыйында атлаган партияны ким башкараары жана ушул эле партиянын мүчөсү парламенттик кеңеште кандай кызмат аткараары аныкталат.