Коопсуздук жыйыны

Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде президенттик сарайда коопсуздук жыйын өткөрүлдү

368503
Коопсуздук жыйыны

Орус аскердик учагынын Сирия чек арасында атып түшүрүлүүсүнөн кийин президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде президенттик сарайда коопсуздук жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга премьер – министр Ахмет Давутоглу, башкы штабдын генералы Хулуси Акар, тийиштүү министрлер жана МИТ кеңешчиси Хакан Фидан катышты.
1 саат 15 минутага созулган жыйында Сирия башта болуу менен аймактагы акыркы абалдардын негизинде жалпы коопсуздук темалары каралды. Президенттик булактардын берген маалыматына караганда Түркиянын чек ара коопсуздугу ушул алкакта Сирия чек арасында атылган учак маселеси сөз болуп, Сириянын Байырбужак аймагындагы акыркы абал да каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар