Жаңы өкмөттүн тизмеси бүгүн жарыяланат
Президент Эрдоган да бүгүн премьер-министр Давутоглун кабыл алат.
421399
Анкарада жаңы кабинеттин жарыяланышы чыдамсыздык менен күтүлүүдө.
Президент Режеп Таййип Эрдоган өкмөттү түзүү мөөнөтүнүн алкагында премьер-министр Ахмет Давутоглун бүгүн саат 11:00де кабыл алат.
Президент Эрдоган өткөн шейшемби күнү өкмөт башчы Давутоглуна өкмөттү түзүү милдетин тапшырган.
Давутоглу да тийиштүү кишилер менен чогулуп, «жаңы өкмөттө кимдер орун алат?» деген суроого жооп издеди.
Президент Эрдоган да бүгүн премьер-министр Давутоглун кабыл алат.
Кабыл алуудан кийин президент беките турган 64-Өкмөттүн бүгүн жарыяланышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.