Германия - Бодрум учак каттамдары

ТАВ аэропорттору менен Германия аба жолу фирмасы Германия – Бодрум каттамдарын баштайт

419647
Германия - Бодрум учак каттамдары

Бодрум муниципиалдык башкаруунун төрагасы Мехмет Кожадон пресс жыйынында Бодрум таанытуу фонду БОТАВ, Бодрум мейманканалар ассосациясы (БОДЕР) жана Бодрум муниципалитети катары 2016 туризм сезону үчүн иштерин башташкандарын айтты. Кожадон Германия аба жолдору менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Бодрумга Германиядан тарифтүү учак сапарынын баштатыларын белгиледи.
2016 – жылы май жана октябрь айларынын арасында алгачкы каттамдарын ишке ашырышарын баса белгилеген Кожадон: «Бул түрк жана немис жарандары үчүн чоң бир мүмкүнчүлүк. Биздин максатыбыз октябрь айынан кийин өзгөчө тур операторлору менен сүйлөшөт. Бодрумда кыш туризмин кыймылга келтирүү, ноябрда да Бодрумда деңизге түшүүгө болгонун билебиз. Муну абдан жакшы түшүндүрсөк ийгиликтүү болобуз»,- деди.
Германия аба жолдорунун эл аралык сатуу директору Клаус Алтенбург ТАВ аба жолдору жана Германиянын ортосундагы келишимдин эки фирма жана эки өлкөнүн ортосунда абдан жакшы кызматташтыктын башталышы экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар